Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

НАТОнун күчтөрүнө Пакистан аркылуу жүк ташуучу жол кайрадан ачылды


Пакистандын бийликтери кабарлашкандай, жети айлык тыныгуудан кийин бүгүн НАТОнун Ооганстандагы аскерлерине жүк кайрадан Пакистандын аймагы аркылуу жөнөтүлө баштады. Былтыр ноябрда АКШнын абадан урулган жаңылыш чабуулунан пакистандык 24 аскер курман болгондо расмий Исламабад ал жолду жаап салган. Пакистандык жетекчилик Вашингтондон расмий кечирим сурашын талап кылышкан эле. Бирок АКШ мындан баш тартып, ушул шейшембиде гана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон расмий кечирим суралган катты алып келгенде кайрадан жол ачылды. Бул жол жабылгандан кийин АКШ НАТОго жүктү түндүк каттам менен Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу бир топ узагыраак жана көбүрөөк чыгым менен алып өтүүгө аргасыз болгон эле.

XS
SM
MD
LG