Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Жогорку Соттун судьяларын тандоонун 1-туру 10-июлда өтөт


Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер 10-июлда биринчи турга кирет. Кечээ талапкерликке арыз берген 92 адамдын 84ү 1-турга алынды. 4 адам өз арызын кайра кайтарып алса, дагы төртөөнүн документтери эрежеге ылайык келбей калган. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди.

- Биринчи турда талапкерлердин документтери каралат. Билими кандай, сыйлыктары барбы, кынтыксыз иштегенби - мына ушулар. 2-турга өттү делгендер үчүн аңгемелешүү болот, ал 16-17-июлга барат. Анан андан өткөндөр 3-турда добуш берүү аркылуу тандалат.

Добушту Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү берет. Жогорку Сотко судьялар сот тармагын реформалоонун негизинде тандалып жатат. Алар май айында кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, 75 жашка чейин шайланат. (AKu)

XS
SM
MD
LG