Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Бишкекте жугуштуу оорулар күчөдү


Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору баш калаада айрым вирустук оорулар ушул жылдын 6 айында өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырганда өскөнүн билдирди.

Ичеги-карындын жугуштуу оорулары өткөн жылга караганда 26,4 пайызга өскөн.
Сарык оорусу 87 пайызга көбөйгөн. Ал эми ич өткөктүн сальмонеллез түрү 2,8 пайызга, дизентерия түрү болсо 26 пайызга көбөйдү.

Өткөн жылы 2010-жылга караганда кургак учук жана бруцеллез кескин жогорулаган. Аталган көзөмөлдөө органы жугуштуу оорулар менен ооругандардын санынын өсүп жатышын шаардагы санитардык абал менен байланыштырат. Бат бузулчу тамак-аштардын көчөдө сатылуусу ушундай абалга алып келүүдө дешет дарыгерлер. (AKu)

XS
SM
MD
LG