Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кумтөрдүн экологиялык абалын текшерип чыгып, жыйынтык сунуштайт. Мындай милдетти кечээ өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов аталган инспекциянын башчысы Осмонбек Артыкбаевга тапшырды. Алар 6-июлда Кумтөр алтын кенине иш сапары менен барып келишти.
Мындан сырткары, өкмөт башчысы "Центерра Голд Инк" компаниясы менен башкы келишимдин шарттарын карап чыгуу керектигин белгиледи. Премьердин айтымында, компания таштандыны дүйнөлүк стандартка ылайык иштеп чыгууну караштырыш керек.
- Экологияга ким, канча зыян келтиргенине карабай, баарына чара көрүшүбүз керек. Мындай ири уулуу таштандыларды таштачу жайы бар өндүрүш Кыргызстанда биринчи жолу. Бул жерде алтын түгөнүп, биздин инвесторлор кеткенден кийин эмне болот? Биз ошону түшүнүшүбүз керек.
Келерки аптадан тарта өкмөт Кыргызстандагы бардык алтын кендеринин экологиялык абалын текшере баштайт. (AKu)