Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Клинтон: “Биз Пакистан менен таарынычты унутабыз”


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кошмо Штаттары менен Пакистан алдыдагы кызматташтыкка көбүрөөк көңүл бөлүш үчүн мурдагы таарынычтарын, ич-ара араздашууларды артта калтырууну чечкенин кабарлады. Бул тууралуу Клинтон бүгүн Токиодо Ооганстандын донорлорунун эл аралык конференциясында Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Хар менен жолугушканда билдирди.
Өткөн аптада Пакистан ооган жериндеги чет-өлкөлүк аскерлерге өзүнүн аймагы аркылуу өтүүчү жолду кайрадан ачкан. Былтыр АКШнын абадан жаңылыш урулган соккусунан пакистандык 24 аскер курман болгондо расмий Исламабад буга нааразылык иретинде жолду жаап салган эле. Клинтон эми азыркы “позитивдүү учурдан” пайдаланып, Ооганстан менен Пакистандагы террористтик уюмдардын түйүндөрүн жок кылуунун, Ооганстандагы элдешүү процессинин жана Исламабадга экономикалык колдоо көрсөтүүнүн жолдорун талкуулай турганын айтты.

XS
SM
MD
LG