Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Египетте Жогорку Сот парламентти кайра ишке киргизүү сунушун карайт


Египеттин Жогорку Конституциялык соту бүгүн жаңы шайланган президенттин таратылган парламенттин ишин кайра жандантуу чакырыгын талкуулайт.

Парламентти мурда ушул Жогорку Сот тараткан эле. Исламчыл президент Мухаммад Морсинин чакырыгынан кийин бийликтеги Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Жогорку Соттун чечиминин болжолдуу кесепеттерин сөз кылышты. АКШнын мамкатчысынын орун басары Уиллиам Бөрнс кечээ Каирде президент Мурси менен сүйлөшүү жүргүзгөн:

- Египет элинин көпчүлүгүн бүгүн баарынан да экономикалык маселелер кабатырлантат. Биз Египеттин экономикалык көйгөйлөрүн, анын ичинде карызды жеңилдетүү, жумуш орундарын түзүү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, америкалык инвестицияны жана туризмди көбөйтүү маселелерин чечүүгө жардамдашууга толук даярбыз.

XS
SM
MD
LG