Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Кофи Аннан Сириянын президенти менен тынчтык планын талкуулайт


Эл аралык арачы Кофи Аннан бүгүн Дамаскта Сириянын президенти Башар Асад менен сүйлөшүү жүргүзөт. Экөө Аннандын 16 айдан берки жаңжалды токтото алган жок деп өзү мойнуна алган тынчтык планын сөз кылышат.

Асад Германиянын сыналгысына “АКШ террористтерди колдоп жаткандыктан тынчтык планы ишке ашпай жатат” деп билдирди. Сириянын деңиз күчтөрү апта соңунда деңиз жээгинде машыгуу өткөрүштү.

АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Сириянын армиясы күндөн күнгө кубаттанып баратканын белгилеп, кан төгүү канчалык тез токтосо, козголоңчулардын “катастрофага алып келүүчү чабуулунан” өкмөттүн аман калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт деди. БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун уюмду кан төгүүнү токтотуу үчүн Сирияга кысымды күч алдырууга чакырды.

XS
SM
MD
LG