Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Пиллэй 7-апрел окуялары боюнча ишти адилет териштирүүгө чакырды


БУУнун Aдам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэй Бишкектеги сапары маалындагы 7-апрелдеги кан төгүүлөргө күнөөлөнгөн адамдарга жана июн окуялары учурунда оор кылмышка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланышкан кылмыш ишине камтамачылыгын билдирди. Пиллэйдин айтымында, бул иштердин үстүнөн адилеттүү соттук териштирүү күмөндүү суроолорго жол ачууда.

- Өлкө жетекчилиги менен жолугушууда мени камтама кылган эки кылмыш ишине байланыштуу маселени көтөрдүм. Булар 2010-жылдагы 77 адамды өлтүрүүгө күнөөлөнгөн бир катар адамдарга байланышкан жана ошол жылдын июнь окуяларында адам өлтүрдү делип, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго байланышкан иш.

Мындан улам жогорку комиссар Кыргызстандын президенти, башкы прокурору жана Жогорку Соттун төрайымы менен жолугушуусунда бул маселелерди көтөрүп, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылууга чакырган.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улуттарындагы жарандардын ортосундагы кандуу жаңжал учурунда Базар-Коргон районунда милициянын кызматкерин элдин алдында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар, мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө, башаламандыкка чакырган деген айыптар боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Учурда ал Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

Аскаров өзү да, анын адвокаттары да сот өкүмүн адилетсиз деп эсептешет. Буга чейин кыргызстандык бир катар укук коргоочулар Аскаровго карата жаза адилетсиз экенин айтып, бул ишти кайрадан кароону өтүнүп келишкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG