Бүгүн Улуттук Олимпиада комитети Лондон Олимпиадасына барчу спортчулардын кийимдерин тааныштырды.
Олимпиадага эки түрлүү кийим кийилет. Биринчи форма Олимпиада айылында кийип жүрүүгө ылайыкташтырылган, ал кызыл-сары түстөрдүн айкашынан турат. Бир даана комплекттин баасы 695 доллар турат. Мындай кийимден 30 комплект болот. Форманы “Бигсер” фирмасы тигүүдө.
Ал эми ачылыш аземде кийип чыга турган параддык кийимдин бир комплектинин баасы 1076$, андан 24 даана комплект тигилет. Муну “Дилбар” фирмасы тигүүдө.
Кийимдерди тиктирүүдө тендер өткөрүлгөн жок. Мунун себебин Спорт агенттигинини жетекчиси Байгазы Кенжебаев тендерде эң аз акчага тигип бере турган фирма утаарын, мындай болгондо кийимдин сапатына кепилдик болбой тургандыгы менен түшүндүрдү.
Лондон олимпиадасына Кыргызстандан 14 спортчу катышат. Спорт жетекчилери балбандарга өзгөчө үмүт артып жатат. (EBM)