Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Кабылда ооган аялдар көчө жүрүшүн өткөрдү


Бүгүн Кабылда аялдарды кордоп, зобун-зордук көрсөтүүгө каршы ондогон аялдар катышкан демонстрация болду. Көчө жүрүшкө Ооган парламентинин бир нече мүчөсү да кошулду. Ооганстандын Аялдар иштери боюнча министрлиги шаршемби күнкү демонстрацияны - “үнсүз протест” деп атады.

Нааразылык акциясы согушчандар “никесиз жыныстык катнашка барды деп” 22 жаштагы аялды көпчүлүк элдин көз алдында атып салганы ашкере болгондон соң өттү. Ооган бийликтери бул окуя үчүн талиптерди күнөөлөгөн. Талиптер аялды соттоого тиешебиз жок, аял шарият мыйзамын бузуп соттолгонун айтышууда.

Президент Карзай аялды өлтүрүүнү - исламга сыйбаган жосун жана кечиримсиз иш деп атады.

XS
SM
MD
LG