Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Ошто өзбек тилдүү эркин гезит чыга баштады


Ош шаарында "Дайжест" деген аталышта коомдук-саясий эркин гезит чыга баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" басылманын башкы редактору Шахрух Саипов билдирди. Анын айтымында, гезит аймактагы өзбек тектүү жарандарга коомдо болуп жаткан саясий, социалдык, экономикалык маалыматтарды объективдүү жеткирүү максатында уюштурулган. Негизинен интернет булактарында чыгып жаткан кыргызча, орусча макалалар өзбек тилине которулуп басылат.

Жума сайын чыгып жаткан гезиттин үч саны жарык көрдү. Башкы редактордун айтымында, гезит июнь окуясынан кийин араздашкан эки тараптын ынтымагын чыңдоого багытталган макалаларды байма-бай берүүгө ниеттенип жатат.

Гезит 2010-жылдын сентябрь айында каттоодон өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG