Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Ирандык министр ММКны кызматташууга чакырды


Ирандын маданият министри Мохаммад Хоссейни жергиликтүү маалымат каражаттарын эл аралык санкциялардын кесепеттери тууралуу кабар таратпоого чакырды. Өкмөттүн сайтында жарык көргөн комментарийинде министр санкциялар күчөтүлүп жаткан кезде өлкөнүн кызыкчылыктарына залака тийгизбеш үчүн маалымат каражаттары кызматташууга тийиш деп жазат. Тегеран бийлиги санкциялар экономикалык каатчылыкка алып келиши ыктымал деген маалыматтарды көзөмөлдөө аракеттерин моюнга алган учурлар сейрек кездешет. Салттуу жана электрондук медиа Иранда катуу цензураланат.

XS
SM
MD
LG