Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Кумтөрдү эл аралык аудит компания да текшерет


Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин билдиришинче, учурда 10 эл аралык аудит компания менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Алардын арасынан Кыргызстанга ылайыктуусу тандалып алынат. Сариевдин аймында, кен тууралуу эл аралык аудиттин тыянагы эл аралык соттор үчүн керек.

Бүгүн Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия алгачкы жыйынга чогулуп, негизинен уюштуруу иштерин талкуулады. Анда комиссиянын алдында үч жумушчу топ түзүлгөнү маалымдалды.

Кыргыз парламенти Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, кенди иштеткен “Центерра Голд Инк” компаниясы менен 2003-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, мамлекеттик комиссия менен Башкы прокуратурага тыкыр иликтөө жүргүзүү сунушталган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG