Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Батыш Асадга каршы санкцияны күчөтүүнү сунуш кылды


Батыш мамлекеттери БУУнун Коопсуздук кеңешине Сирия боюнча жаңы резолюция киргизди. Анда эгер президент Башар Асад 10 күн арасында эл аралык коомчулук колдогон тынчтык планын аткара баштабаса, Британия, АКШ, Франция, Германия Сирияга аскерий эмес санкцияны күчөтөт деп сунуш кылынат. БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын планы боюнча, Сирия өкмөткө каршы козголушту курал менен басууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү башташы шарт. Санкция киргизүүгө буга чейин Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ Орусия жана Кытай каршы чыккан.

Бул тапта Сириянын Ирактагы элчиси Наваф Фариз кызматын таштап, анти-асадчыл козголоңго кошулганын жар салды:

- Мен ошондой эле башкаруучу БААС партиясынын катарынан чыктым. Партиялаштарымды да ушуга чакырам. Анткени бийлик элди эзүүчү жана аларды эркиндикке жана ар-намыска түрткөн куралга айланды. Мен ушул таптан тарта Сириядагы ыңкылап тарабына экенимди да жарыя кылам. Бул Сирия катаал мезгилден өтүп жаткан кездеги менин ордум.

XS
SM
MD
LG