Испан полициясы өткөн түнү Мадриддеги көчө жүрүшү маалында демонстранттарга желим окторду атты жана айрымдарын камакка алды.
Алар башкаруучу Элдик партиянын баш кеңсеси жанында нааразылыктарын айткандан кийин парламентти көздөй баратышкан. Нааразылык акциясын премьер-министр Мариано Рахой 11-июлда жарыялаган бюджеттик чыгымдарды кыскартууга каршы топ - 15М тобу же индигандостор уюштурду.
Демонстранттардын бири коопсуздук кызматкерлерине жол боюндагы кафенин отургучун ыргаткандан кийин полиция жаалданып, аларды күч менен ийге салган.
Алар адегенде оппозициядагы Социалисттик партиянын баш кеңсесинин алдына чогулуп, партияны Испанияны терең кризиске отургузду деп күнөөлөштү.