Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Көпүрөсүн селге алдыргандар өкмөткө талап коюшту


Жалал-Абаддын Сузак жана Тогуз-Торо районунун тургундары Сузактын Сафаровка айылындагы көпүрөнү тез арада оңдоону өкмөттөн талап кылышты. 24-июндагы сел аталган аймактагы көпүрөнү агызып кеткен болчу.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын маалымдашынча, аталган райондордун төрт айыл өкмөтүнүн жашоочулары көпүрө жоктугунан Караган айылын аралап өтүүгө мажбур. Ал эми Караган айылындагылар айыл ичи менен көп унаалар өтүп, жол чаңып, чаң турак-үйлөр менен бак-дарактарды каптаганына нааразы.

Облустук ПЛУАД ишканасы көпүрөнү калыбына келтирүү иши быйылкы жылдын планына кирбегендигин жана аны оңдоого 18 миллион сом талап кылынарын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG