Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

АКШ мамкатчысы Каирге 2 күндүк иш сапары менен келди


14-июлда АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Египеттин жаңы шайланган исламчыл президенти Мухаммад Мурси менен кездешүү үчүн Каирге келди. Клинтон айым “Мусулман агайындар” кыймылы менен жакын байланыштагы Мурси менен жолугушкан америкалык бийик даражалуу биринчи расмий адам болот. Клинтон сүйлөшүүдө, маалыматтарга караганда, Египет 1979-жылы Израил менен кол койгон Тынчтык келишими бузулбай сакталат деген Мурсинин убадасын алганга аракет кылат.

Мухаммад Мурси ушул тапта Жогорку Аскерий кеңеш менен тирешип жатат. Береги кеңеш 2011-жылы февралда президент Хосни Мубарак бийликтен кетирилгенден бери өлкөнү башкарат. Өткөн айда Конституциялык сот шайлоодо орой мыйзам бузуулар болгонун айтып, парламентти тараткандан кийин анын функциясын Аскердик кеңеш өзүнө алган.

Клинтон айым эки күндүк сапары маалында өкмөт мүчөлөрү, жарандык уюмдардын лидерлери, ошондой эле Каир жана Александриянын ишкерлери менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG