Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:34

Токиодо жүз миңден ашуун адам митингге чыкты


Чогулгандар жапон өкмөтүнүн “Охи” атомдук электрстанциясын кайрадан ишке киргизүү чечимине каршылык билдиришип, бийликтерди атомдук энергиядан баш тартууга чакырышты. 2011-жылдагы жер титирөө жана суу ташкыны учурунда “Фукусима-Дайичи” АЭСи аварияга учурап, андан бери 50 реактор өчүрүлгөн. Бүгүнкү нааразылык акциясына чыккандар жапон өкмөтү былтыркы чоң авариядан кийин атомдук энергиядан баш тарткан чечимин кайра карап жатышына тынчсыздануу билдиришти. Активисттер АЭСти ишке киргизүүгө каршыбыз деген 7 жарым миллион адамдын колу топтолгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG