Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Спорт делегациялары Лондонго келе башташты


Миңдеген атлеттер жана спорт делегациялары Лондонго келе башташты. Heathrow аэропортундагы коопсуздук кызматы дүйшөмбүдө 237 миңдей кишинин келгенин маалымдашты. Лондондун чыгыш тарабында орун алган Олимпиада кыштагына 16 миндей киши жайгаштырылат.

Олимпиада оюндары 27-июлдан 12-августка чейин болот. Кыргызстан командасы бул жолу 14 спортчудан турат. Алар менен кечээ президент Алмазбек Атамбаев жолугушуп, Кыргызстандын туусун тапшырды.

Ал эми өзбекстандык дзюдоист Абдулла Тангриевдин канында анашанын издери табылгандан кийин Олимпиадага катышуудан четтетилди. Өлкөнүн дзюдо федерациясынын расмий өкүлдөрү маалымдашкандай, позитивдүү тесттен улам, Тангриев 2 жыл эл аралык турнирлерге катыша албайт. 2008-жылы Бээжин оюндарында ал күмүш медал жеңген.

XS
SM
MD
LG