Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Төө-Ашууда туннел аркылуу өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет


Ош-Бишкек жолунда Төө-Ашуу өтмөгүндөгү Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин желдеткичтерин алмаштырууга байланыштуу унаа каттамы убактылуу чектелет.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин өндүрүштүк көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Калдар Шалтаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, график түзүлүп, ал Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгына макулдашуу үчүн берилди.

МАИ кызматкерлери туннелди түнкүсүн ремонттоп, күндүз ачуу тууралуу шарт коюп жатат. Калдаровдун айтымында, азыр күндүз ысык болгондуктан түнкүсүн жолго чыккан жолоочулар көп, ошондуктан түнкү саат 12ден 5ке чейин, күндүзгү 9дан 12ге, кечки 4төн 8ге чейин жабууну сунуштоодо. Учурда макулдашуу аяктай элек.

Туннелди оңдоо иштери үч айга - октябрга чейин созулмакчы.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген жалгыз кан жолдогу туннел 1964-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери баштан-аяк бир жолу оңдолгон. Узундугу 2 чакырым 700 метрди түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG