Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Ала-Бука: кыргыз-өзбек чек арачылары атышканы айтылууда


Алдын ала такталбаган маалымат боюнча, анда бир кыргызстандык чек арачы окко учту.

Күч органдарындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдиришкендей, атышуу жергиликтүү тургундардын чек арачылар менен болгон араздашуусунан тутанган.

Ала-Буканын акими Атантай Рыскулов окуя Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы чек ара бекетинде болду деген маалымат келгенин, учурда окуя болгон жерге баратканын “Азаттыкка” билдирди. Бул айылда телефон байланышы болбогондуктан маалыматты тактоо кыйын болуп турат.

УКМКнын Чек ара кызматы маалымат такталып жатканын, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат аздан соң берилерин айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG