Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Рахматулло ажы Эгембердиев муфтийдин милдетин аткарат


Кыргызстан Дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши жаңы муфтийдин милдетин аткаруу кызматына Рахматулло ажы Эгембердиевди көпчүлүк добуш менен шайлады. Анын талапкердигин муфтият сунуштаган. Дагы бир талапкер Руслан ажы Жумагулов колдоо тапкан жок. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жыйын өтүп жаткан жерден билдирди.
Уламалар кеңеши эки саат мурда башталган отурумунда бир маселени – жаңы муфтийди шайлоону күн тартибине койгон. Узак талкуудан кийин жыйын муфтийди шайлоо укугун эски Уламалар кеңешине ыйгарган. Жаңы Уламалар кеңеши кызматтан кеткен муфтий Чубак ажы Жалиловдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында жазында түзүлгөн болчу. Чубак ажы Жалилов 16-июлда кызматтан кеткендигин жарыялаган. (ZB/BuS)

XS
SM
MD
LG