Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Бишкекте эскирген электр өткөргүчтөрү алмаштырылат


Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкектеги эскилиги жеткен, жалпы узундугу 76 километр электр өткөргүчтөрү алмаштырылат. Алгачкы иштер 10-июлдан тарта башталды.

Өткөргүчтөр Германиялык KSW банкы берген 2 миллион евродон ашуун насыяга сатып алынды. Кабелдер Түркиядан сатып алынып, иштер суук түшкөнгө чейин аягына чыгарылыш керек.

Былтыр кышында катуу суукта Бишкектеги электр өткөргүчтөр иштен чыгып, шаардыктарды бир топ түйшүккө салган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG