Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Өкмөт Түркия берген 100 миллион доллар насыя бөлүштүрдү


Өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында Түркиянын 100 миллион доллардык насыянын эсебинен аткарыла турган долбоорлордун кошумча тизмеси бекитилди. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, 15 миллион 500 миӊ доллар лизингге, арыктар жана каналдарды оңдой турган айыл чарба техникаларын сатып алууга которула турган болду.

3-июлда ушул насыяга аткарыла турган долбоорлор аныкталган. Ага ылайык, өкмөт ушул тапта алынып жаткан 106 миллион доллар насыянын 17 миллионун табигый кырсыктан жабыркаган мектептерди курууга, 7 млн. долларын Кадамжайдагы Бүргөндү өңүрүндөгү сугат каналдарын оңдоп-түзөөгө жумшоого бөлүштүргөн.

Ал эми Бишкек шаарына берилген 35 млн. доллардын 5 миллионуна Ак-Ордо жаңы конушуна электр көмөкчү чордондор курулса, 30 млн. долларына борбор калаанын жолдору оңдолмокчу.

Өкмөттүн бул насыяны социалдык инфраструктураларды куруу аракетин айрым министрлер сындап чыгышкан эле. Алар мурдагы насыялардай эле бул жолку каражат да коррупциялык жол менен жок болот деген жүйөнү кармашууда.

Ушул жылдын июн айында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кредиттик жана гранттык келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, боюнча түрк өкмөтү Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя жана 6 миллион доллар кайтарымсыз грант берет. Насыяны Кыргызстан жети жылдан соң кайтара баштайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG