Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Ливиядагы шайлоодо секулярдык, либералдуу альянс алдыда


Ливиядагы шайлоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, секулярдык, либералдуу альянс биринчи орунду алды. Мурдагы өткөөл премьер-министр Махмуд Жибрил жетектеген Улуттук күчтөрдүн биримдиги конгресстеги 80 орундун 39ун жеңди.

“Мусулман агайыңдар” кыймылынын “Адилет жана кайра куруу” партиясы 17 мандат менен экинчи орунду ээледи.

Буга чейин “Араб жазынын” натыйжасында бийлик алмашкан өлкөлөрдө – Египет менен Тунисте исламчылар жеңген. Бирок Ливияда бийликтин саясий күчтөр ортосунда бөлүштүрүлүшү парламенттеги калган 120 орунга байланыштуу болмокчу. Ал мандаттар көз карандысыз талапкерлер үчүн каралган.

Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 17-июлдагы добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 62 пайызы катышты. Дүйнө лидерлери Муаммар Каддафинин 42 жылга созулган бийлиги кулатылгандан кийинки эркин шайлоону кубатташууда.

XS
SM
MD
LG