Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Ала-Букадагы окуяны кыргыз-өзбек чек арачылары иликтеп жатат


Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, Ала-Бука районунда 17-июлда болгон окуяны эки өлкөнүн чек арачылары иликтеп жатат. Кыргыз тарапты Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын башчысы Рыскелди Мусаев жетектөөдө. Аймакта учурда кырдаал туруктуу.

Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Адашпай Сарбагышовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, чек арада атышууда оң өпкөсүнө ок жеген 31 жаштагы Кубан Адыловдун операциядан кийинки абалы дурус.

Кечээ кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан Кыргызстандын Чек ара аскерлигинде кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы Кадырбек Абдрасул уулу набыт болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG