Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Адамга жетиштүү кыймылдын жоктугу чылым чеккендей эле деңгээлде коркунучтуу


Бул - The Lancet деген медициналык журнал жарыялаган соңку баяндамада айтылган тыянак. Жылына дүйнөдө кыймылдын жоктугунан, ашыкча семирип кетүүдөн 5 миллиондой адам өлөт. Тамеки тартуудан көз жумгандардын да саны ушундай эле деңгээлде.

Баяндамага ылайык, дүйнөдө 15 жаштан өйдөгү адамдардын ичинде ар бир онунчу киши (башкача айтканда, 1,5 млрд. адам) жетиштүү деңгээлде кыймылдабайт. Муну отчетто “жугуштуу ооруудай тездик менен тарап жаткан көрүнүш” деп сыпатташкан. Азыр эң өнүккөн мамлекеттерде улгайган адамдардын ичинде өзгөчө аялдар кыймыл аракетти талап кылган иштерге, спортко тартылбай жатышканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG