Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Кытай Африка өлкөлөрүнө 20 миллиард доллар насыя берет


Кытай президенти Ху Цзинтао африкалык 50 өлкөнүн лидерлери менен Бээжинде өткөн жолугушууда акча жакынкы үч жылдын ичинде берилерин айтты. Ху Цзинтаонун айтымында, бул каражат аталган өлкөлөрдүн инфраструктурасын, айыл чарбасын, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жумшалышы керек. Кытай статистикасы боюнча Кытай менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2011-жылы 166 миллиард долларды түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Кытай-Африка саммити 3 жылда бир жолу өтүп турат.

XS
SM
MD
LG