БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияда байкоочулардын миссиясын 30 күнгө узартууну бир добуштан колдоду. Сирияда жаңжал күч алгандан тарта Улуттар Уюмунун жана Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын сунушу боюнча эл аралык 400 байкоочу өлкөгө киргизилген.
Жума күнү Дамаскта алган жаратынан Сириянын Улуттук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы генерал Хишам Ихтияр көз жумду. Ушуну менен Башар өкмөтүнүн жогорку даражады төртүнчү аткаминери өлтүрүлдү.
Улуттар Уюмунун баасында соңку эки күндө Сириядан коңшу Ливанга 30 миңдей киши качып өттү.