Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Актөбөлүктөр жердешин "мал уурдадың" деп жазалашты


Жергиликтүү "Справедливость", "Эркиндик үнү" укук коргоочу уюмдары тараткан маалыматка караганда, Жалал-Абаддын Аксы районундагы Ак-Төбө айылында 22 жаштагы Айтыкул Арстанбековду айылдаштары топтошуп алып, “мал уурдадың” деп, 15-июлда сабашкан. Окуяга милиция кызматкерлери күбө болуп, бирок арачалашкан эмес. Окуя тууралуу укук коргоочу уюмдарга Арстанбековдун энеси кабарлаган.

Милиция арачалаган жок деген маалыматты Ички иштер министрлигинин Аксы райондук бөлүм башчысынын орун басары Алмазбек Жусупов "Азаттыкка" төгүндөп, буларды билдирди:

- Бизге "100дөй адам мал уурулугун мойнуна албаганы үчүн баланы ур-тепкиге алып жатышат" деген кабар келди. Биздин кызматкерлер "эмнеге сабап койдуңар" деп баланы алып келишкен. Баланы ооруканага өз колубуз менен жаткырдык.

Алмазбек Жусуповдун айтымында, таяктан жабыркаган Арстанбеков Кербендеги райондук ооруканада дарыланууда. Ушул эле күнү райондук милициянын жетекчилиги факт боюнча кылмыш иши козголуп, окуя териштирилип жатканын кабарлады. Ал ошондой эле малын уурдаткандыгы тууралуу аталган айылдан милицияга бир дагы арыз түшкөн эмес деп билдирди. (AKu/BuS)

XS
SM
MD
LG