Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Сел жүрүү коркунучу сакталууда


22-июлдан 26-июлга чейин республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы

22-июлда эртең менен жана күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу аймактарда кар жаайт. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,
Талас облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 29..34 градус ысык болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13 градус, күндүз 22...27 градус
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 26..29,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүз 24...29,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 8..13 даража жылуу болот.

22-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын дээрлик күтүлбөйт, күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус жылуу, күндүз 35…37 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21-июлда эртең менен 20 даража жылуу болду.

XS
SM
MD
LG