Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Татарстанда муфтийге кол салууга тиешеси болушу мүмкүн делгендер камалды


Жумуриятта диниятчыларга чабуул жасаган болушу мүмкүн деп шектелгендерди камоо тууралуу Казандын райондук соту бүгүн чечим чыгарган. Алардын арасында республиканын Диний башкармалыгынын күч органдары менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Марат Кудакаев да бар экени айтылган. Шектелгендердин дагы бири кечээ бошотулган.

Бейшембиде Казандагы жардырууда Татарстандын муфтийи Илдус Файзов жарадар болгон. Анын мурдагы орун басары Валиулла Якупов көз жумган. Азыр тергөөчүлөр чабуулга алардын ишмердүүлүгү себеп болсо керек деп жатышат. Файзов менен Якуповду өлкөдө диний экстремисттерге каршы күрөштүн башында тургандар катары билишет.

XS
SM
MD
LG