Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Бээжинде нөшөрлөгөн жаандан кеминде 10 адам ажал тапты


Андан тышкары, үйдүн чатыры урагандан, чагылган жана электр тогу урган себептерден да кишилер набыт болду.

Кытайдын мамлекеттик медиалары кабарлагандай, кечээ күндүз башталган нөшөрлөгөн жаан түнү бою уланып жатты. Башкы жолдорду суу каптады, Бээжиндин аэропортунда беш жүздөн ашык каттам токтотулду.

Мындан тышкары, өлкөнүн түндүгүндөгү Шэньси аймагында болгон суу каптоодон жана селден төрт киши, ал эми түштүк-батыштагы Сычуань аймагында беш киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG