Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Тажикстанда коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири киши колдуу болду


Тажикстанда кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тоолуу Бадахшан автоном облусу боюнча жетекчисин өлтүрүп кетишти. “Азаттыктын” тажик редакциясы кабарлагандай, генерал Абдулло Назаровду кечээ түштөн кийин облустун Ишкошим районунда жолдо бараткан жеринен белгисиз адамдардын тобу токтотуп, мууздап салышкан.
Окуя болгон учурда Назаровдун жанында коопсуздук комитетинин атайын тобу – “Альфанын” – эки аскери болгону кабарланды. Бирок алар эмне үчүн жетекчисин коргобогону белгисиз. Назаровго аймакта тамеки аткезчилиги менен шугулдангандар кол салган болушу мүмкүн дешет. Азыр кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG