Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Ооганстанда намыстанган ата кыздарын атып салды


Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд вилаетинде кечээ бир киши өспүрүм курактагы эки кызын чоочун адам менен үйдөн качканына намыстанып атып салды. Бул тууралуу полиция бүгүн кабарлады. Маалыматка караганда, 15 жана 16 жаштагы бир тууган эже-сиңди Хелманддагы чет өлкөлүк аскерлерге котормочу болуп иштеген киши менен төрт күнгө үйдөн качып кетишкен. Полиция ал кыздарды таап, кайра атасынын үйүнө алып келет. Ошондо атасы намысына чыдабай кыздарын атып өлтүргөнү кабарланды. Азыр ал киши камалды, котормочуну издеп жатышат. Ооганстанда намыстын айынан аялдарга кол салуу фактылары көп эле кездешет. Мыйзамга ылайык, атасынын же күйөөнүн үйүнөн качкан аялдар түрмөгө отургузулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG