Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Бишкекте кыргыз-түрк нан заводу курулат


Бул үчүн Түркиядан атайын адистер август айында Кыргызстанга келгени жатышат. Бишкек мэриясына караштуу Социалдык тамак-аш департаментинен “Азаттыкка” билдиришкендей, завод шаардын 12-кичирайонуна курулмакчы. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ишкана күнүнө 40 миңден 70 миңге чейин нан чыгарат. Курулуш иштерине 3 ай кетет деп эсептелүүдө. Ал эми курулуш иштерине канча каражат кетери азырынча белгисиз. Бул завод Түркиянын Кыргызстанга берген грантынын эсебинен курулмакчы. Ушундай эле завод Ош шаарына да курулаары пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG