Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Кумтөрдөгү уулануунун себеби такталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменттин мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов кабарлады. Анын айтымында, ууланды деп ооруканага кайрылгандардын абалын кайрадан текшерүү үчүн эпидемиолог, бактериалогдордон турган дагы бир топ Кумтөргө жөнөп кетти. Уулануунун алгачкы жыйынтыктары бүгүн кечке чейин белгилүү болот.

Кумтөрдө уулангандардын саны улам өзгөрүүдө. Учурда алардын саны 150гө чукулдады. Алардын ичинен 78 адам ооруканага кайрылган жана басымдуу бөлүгүнүн абалы дурус. Учурда Кумтөрдөгү санитардык абал, ашкана текшерилип жатат.

Кумтөрдөгү массалык уулануу тууралуу кабар 20-июлда тарады. Бирок уулануу 18-июль күнү эле болуп, ооруканага алгачкы эки адам ушул күнү кайрылганы маалым болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG