Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Вашингтон Ирактагы теракттарды айыптады


Кошмо Штаттары Багдаддагы кол салууларды айыптады. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд мусулмандар ыйык Рамазан айын белгилеп жаткан учурдагы ушундай зомбулук өзгөчө камтама кылаарын белгиледи:

- Иракта дем алыш, дүйшөмбү күндөрү болгон чабуулдарды айыптайбыз. Бейкүнөө адамдарды бутага алуу коркоктуктун белгиси. Ыйык Рамазан айында болуп жаткан мындай окуя өзгөчө айыптоого татыйт. Бул – жат көрүнүш деп айткым келди эле бирок тилекке каршы террористтердин ыйык айда мындай иштерге барышы көнүмүшкө айланды.

Ирак бийлигинин маалыматына ылайык, 13 шаарда болгон 21 теракттан 200гө жакын киши ажал тапты. Нуланд АКШ аскрелери жыл этегинде Ирактан кеткенден кийин жергиликтүү коопсузудук күчтөрү терроризмге каршы күрөшө алышат деген Вашингтондун ишеничин ортого салды.

XS
SM
MD
LG