Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Жэймс Холмс өлүм жазасына тартылышы ыктымал


АКШнын Аврора шаарында 12 кишини өлтүрүп, дагы 60ка жакынын жарадар кылгандыгы үчүн күнөөлөнүп жаткан Жэймс Холмс өлүм жазасына өкүм кылынышы ыктымал. Кечээ ал биринчи жолу сотто суралды. 30-июлда ага расмий айып тагылмакчы.

24 жаштагы аспирант-нейробиолог Холмс өткөн жума күнү “Бэтмэн” жөнүндөгү жаңы фильм көргөзүлүп жаткан учурда кинотеатрда ок аткан.

Жекшембиде президент Обама курман болгондордун жакындары менен жолугушуп, ооруканадагылардын абалы менен таанышып кеткен. Ишембиде АКШда 5 күндүк аза күтүү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG