Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Америкалык алгачкы аял-астронавт көз жумду

Америкалык алгачкы аял-астронавт Салли Райд 61 жаш курагында рактан көз жумду. Райд биринчи жолу 1983-жылы Чэленжер кемеси менен космоско аттанган. Кийинки жылы ошол эле чөлмөк менен ааламга экинчи ирет барып келген. Президент Барак Обама маркумду “улуттук баатыр” деп атады. Райд НАСАга 1978-жылы кирген. 1989-жылдан бери Сан Диегодогу университетте сабак берип жүрдү.  Илимге кызыккан кыз-келиндерге көмөктөшүү үчүн профессор Райд өз фондун түзгөн.
XS
SM
MD
LG