Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Хорогдо кагылышта ондогон адамдар набыт болду


Тажикстандын түштүгүндөгү Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун Хорог шаарында куралдуу кылмыштуу топтор менен күч органдарынын айыгышкан кармашуусу уланууда. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Хорогдон билдиргенине караганда өлгөндөрдүн саны болжол менен 100дөн ашуусу мүмкүн. Ушул тапта Хорогдун борбордук аянтына жергиликтүү тургундар чогулуп “Хорогдогу кагылышты токтоткула!”, - деп ураан чакырышууда.

Дүйшөмбдөгү аскер госпиталына оор жарадар болгон аскерлер тынымсыз келип түшүүдө. УКМКнын аймактык жетекчисин өлтүргөн деп шектелген адамды кармоо операциясында 10 аскер кызматкери набыт болгону буга чейин кабарланган эле.ү

Азыр Хорог шаарында дүкөндөр жабылып, телефон байланышы үзүлдү, асманда тик учактар айланып жүргөнү айтылууда. Мыйзамсыз куралчан топ менен күч органдарынын аткылашуусунда жергиликтүү жай тургундардын арасында окко учкандар бар.

XS
SM
MD
LG