Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Кумтөрдөгү уулануу боюнча материалдар прокуратурага тапшырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаков билдирди. Кумтөрдөгү уулануу фактысын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Тамак-аш, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ изилдеп чыкты. Ушул убакытка чейинки изилденген материалдар облустук прокуратурага тапшырылды. Уулануунун негизги себеби катары санитардык эрежелердин сакталбаганы жана тиешелүү жетекчилердин жоопкерсиз мамилеси аталууда.

Исаковдун айтымында, ооруканага жаткырылгандардын саны учурда 100гө жетти. Алардын үчөөнүн абалы оор, 68и орто, калганынын ден соолугу канааттандырарлык. Анализдерди текшерүү иштери уланууда.

Кумтөрдөгү массалык уулануу тууралуу кабар 20-июлда тараган. Бирок уулануу 18-июль күнү эле болуп, ооруканага алгачкы эки адам ушул күнү кайрылганы маалым болгон. Өзүн жаман сезип, жалпысынан "Кумтөрдүн" медициналык борборуна 230 адам кайрылган. Алардын 142си ооруканага жөнөтүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG