Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Ооганстан Хорогго чектеш аймакка кошумча аскер жөнөтөт


Бул туурасында Ооганстан менен Тажикстандын президенттери Хамид Карзай жана Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылды. Тараптар чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу, террордук жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу боюнча биргелешип аракеттенүү керектигин да белгилешти. Эки мамлекеттин башчылары Тоолуу Бадахшандагы окуялар жыйынтыкталгыча өз ара туруктуу байланышып туралы деп макулдашышты.

21-июлда Тажикстандын түштүгүндөгү Тоолу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарында УКМКнын аймактык жетекчиси Абдулло Назаров өлтүрүлгөн. Кечээ аны өлтүрдү деп шектелгендерди кармоо операциясы башталган. Бүгүн атайы операция токтотулуп, бийлик менен согушчандар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Тажик бийлиги Назаровду өлтүргөн 4 согушчанды берүү талабын коюп, эгер согушчандар кармашты токтото турган болсо аларга мунапыс берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG