Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Башкы прокуратура депутат Сулаймановго кылмыш ишин козгоду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бүгүн кабарлады. Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановго транспорт жана коммуникация министри кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган (Кылмыш кодексинин 304-беренеси) деген айып коюлууда. Натыйжада жол-курулуш техникасын алып келүүдө мамлекеттик казына 250 млн. сомго чукул зыянга учураган. Кылмыш иши 21-июлда козголгон.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Нурлан Сулайманов учурда Кыргызстан аймагында жок экенин, тергөөгө келип көрсөтмө бербей жатканын кабарлаган болчу. Депутаттын партиялашы Акматбек Келдибеков Сулайманов эч жакка качпаганын, далилдердин негизинде жооп берүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирген. Өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG