Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Мектептерге “Жашоо-тиричилик коопсуздугу” сабагы киргизилет

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы окуу жылынан тарта мектептерде Жашоо-тиричилик коопсуздугу сабагы окутула баштайт. Окуу планы боюнча, сабак катары 1-6-класстын окуучуларына берилет. Ал эми 7-9-класста окугандарга тарбиялык сааттарда, биология сабагында кошумча болуп киргизилет. 10-11-класста окугандар аны менен аскерге даярдык сабагынан таанышат. Учурда каражат бөлүнүп, китеп даярдалып, 1-сентябрга чейин бардык мектептерге таратылганы жатат. (EBM)
XS
SM
MD
LG