Президент Алмазбек Атамбаев 26-июлда билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды. Расмий маалыматка ылайык, анда жаңы окуу жылына даярдык, жер титирөөдөн ураган мектептер тууралуу сөз болду. Ошондой эле Атамбаев министр менен Бишкектеги № 61 мектеп-лицейин өзүн өзү каржылоого өткөрүү маселесин да талкуулады. Президент жеке мектептердин ачылышына каршы эместигин, ага өлкө мыйзамдары жол берерин айтты. Бирок алдыңкы мамлекеттик мектепти жеке мектепке айландырбоо керектигин, бул адам укугун чектөө болуп саналарын белгиледи.
Буга чейин каржы министри Акылбек Жапаров №61 мектеп эксперимент катары 1-сентябрдан тарта өзүн өзү каржылоого өтүп, балдарды коммерциялык негизде окута баштарын маалымдаган болчу. Бул жаңылык коомчулукта чоң талкуу жаратып жатат. (EBM)