Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Мурда чыккан айрым сот өкүмдөрү кайра каралышы мүмкүн


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинде Эл аралык уюмдардын Кыргызстанда иштеп жаткан өкүлдөрү менен жолугушту. Атамбаев сот реформасы тууралуу сөзүндө соттор чыгарылган мурунку өкүмдөрдүн кээ бирин кайра кароо демилгесин эч кимдин кийлигишүүсүз өздөрү көтөрүп чыгышы керектигин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле кыйноо фактыларын алдын алуу багытында бийлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу сөз болду.

Кыргызстанда сот реформасы мурунку президент Роза Отунбаеванын тушунда башталган. Учурда Жогорку Соттун судьяларын тандоо жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG