Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Тажикстанда согушчандар беш прокурорду барымтага алды


Башкы прокуратуранын беш кызматкерин бир нече күндөн бери өкмөткө каршылык билдирип жаткан мыйзамсыз куралдуу топ барымтага алганын аталган орган расмий маалымдады. Азырынча прокурорлорду кайда алып кетишкени, согушчандар кандай талап койгону тууралуу эч кандай маалымат чыга элек.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Хорог шаарында куралдуу топко каршы атайын операция 21-июлда Коопсуздук комитетинин генералы мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Бийлик менен согушчандар ортосундагы кагылышта 60ка чукул киши мерт болгону айтылды.

Тажик бийлиги эгер согушчандар өз ыктыяры менен колго түшүп берсе, аларга мунапыс берилерин убада кылган, бирок бул сунушту куралдуу топ четке каккан. 27-июлда Евросоюз да аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG