Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Британиянын коммерциялык банкынын өкүлчүлүгүн ачуу каралат


Мындай билдирүүнү 27-июлда Британиянын Cоода жана инвестиция боюнча министри Лорд Грин кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу учурунда жасады. Жолугушууга Британиянын вице-премьер-министри Николас Клегг да катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Жолугушууда Бабанов мамлекеттин ар тармагындагы реформалык аракеттер тууралуу айтып, сот системасына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Премьер-министр Кыргызстанда 44 өлкөгө 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилгенин, анын ичинде Британия да бар экенин кошумчалады.

Британиянын вице-премьер-министри Николас Клегг өкмөтүнүн атынан Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоорун билдирип, Кыргызстанга маалыматтык көмөк көрсөтүү маселесин жакынкы аралыкта карап чыгууга убада берди.

Ал эми Лорд Грин инвестиция тармагын баалоо үчүн сентябрда Британиядан Кыргызстанга эксперттердин тобу келерин кошумчалады. (AKu)

XS
SM
MD
LG