Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Митт Ромни Иранды жектеп, Израилди колдоду


АКШнын президенттик кызматына республикачыл партиядан талапкерлигин көрсөтүп жаткан Мит Ромни Израилге болгон сапарында Ирандын ядролук программасын сынга алып, Израилдин сокку уруу планын колдоого алды. Ромни бул сапарында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетанияху жана президент Шимон Перес менен кездешет. Ал ошондой эле Палестинанын өкмөт башчысы Салам Файяд менен да жолугушууары күтүлүүдө. АКШнын азыркы президенти Барак Обаманын шайлоодогу негизги атаандашы болчу Ромни буга чейин Израилге келээр алдында Улуу Британияда болуп, «Лондон олимп оюндарына даяр деп айта албайм»,-деген сөзү үчүн британ саясатчыларынын жана ММКнын катуу сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG